Ош шаарында Ош жана Жийделик көчөлөрүн кеңейтүү жана көрктөндүрүү боюнча долбоор башталды, бул тууралуу Курулуш, архитектура жана ЖКК министрлигинен билдиришти. Долбоорго жолдорду кеңейтүү, жөө адамдар үчүн тротуарлар түзүү, жашылдандыруу жана чектеш аймактардагы скверлерди уюштуруу боюнча эскиздерди иштеп чыгуу кирет.
Учурда магистралдын кеңейтүү зонасында жайгашкан объектилерди алуу жана бузуу процесси жүрүп жатат. Долбоордун алкагында көчө төрт жолдуу жолго айландырылып, заманбап тротуарлар, жашыл зоналар жана көчө жарыктандыруу системалары менен толукталат.