Кыргызстанда чет элдик инвесторлорго 50 жылга чейин жер участкаларын берүү мүмкүнчүлүгү кайрадан талкууланууда. Юстиция министрлигинин жер, экологиялык, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы Айнура Сулейманова бул тууралуу "Биринчи радио" программасында билдирди.
Сулейманова Конституцияга ылайык, жер чет элдик жарандар жана чет элдик катышуусу бар компаниялардын жеке менчигинде болбошу керек экенин эске салды. Жер кодексинин жаңы жоболору да бул принципти бекемдеп, чет элдиктерге жер участкаларын ээлөөгө тыюу салат.