Ош шаарында өспүрүмдөрдүн ортосундагы жаңжал боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, балдарды уруштурган П. А. аттуу тургун убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу 23-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.Мунун алдында социалдык тармактарда видео тараган. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунун биринде чоң киши эки өспүрүм баланы бири-бирине тукуруп, мушташтырып жатканы тартылган. Кийин окуяга жашоочулар...