Кыргыз Республикасынын Счеттук палатасы 2025-жылга суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бюджетин аткаруу боюнча аудитти аяктады. Текшерүү министрликтин борбордук жана аймактык бөлүмдөрүн камтыды.
Аудиттин жыйынтыгында 722 миллион 908,6 миң сомдук финансылык мыйзам бузуу аныкталды. Көрүлгөн чаралар бюджетке 560 миллион 22,3 миң сом жана калыбына келтирүүгө тийиш болгон 614,8 миллион сомдон 3,8 миң АКШ долларын кайтарууга мүмкүндүк берди.