
Текшерүүнүн жүрүшүндө, декларацияларды, отчетторду жана салык төлөөчүлөрдүн эсеп-фактураларын талдоого негизделген, бюджетке 11 миллиард 559 миллион сомдук салык түшпөй калуу коркунучу катталды. Кабыл алынган чаралардын натыйжасында бул суммадан 3,211 миллиард сом кошумча эсептелип, бюджетке кайтаруу боюнча иштер башталды.