Электросталидеги Wildberries складында болгон инциденттен жабыркаган кыргызстандыктардын абалы көзөмөлдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Россиядагы өкүлчүлүгү элчиликтин жардамы менен болуп жаткан окуяны көзөмөлдөп, жергиликтүү бийлик менен иш алып барууда деп билдирди.

Өкүлчүлүктүн адистери окуя болгон жерге барып, жабыркагандарды кабыл алган ооруканалардан маалымат алышты. Алар ошондой эле складда иштеген Кыргызстандын жарандары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана зарыл жардам көрсөтүү үчүн жолугушуулар өткөрүштү.