Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) 25 жылдык өмүрүндө авторитеттүү көп тараптуу платформа катары өзүн көрсөттү. Ал саясий, экономикалык жана маданий потенциалы менен маанилүү регионалдык коопсуздуктун кепили жана экономикалык кызматташтыкты жана маданий байланыштарды бекемдөө үчүн натыйжалуу механизм болуп саналат.
Кыргызстан үчүн ШКУдагы төрагалык — бул чоң ардак гана эмес, ошондой эле олуттуу жоопкерчилик. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков Кыргызстан үчүн бул кызматтагы негизги максат уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана анын натыйжалуулугун арттыруу экенин белгиледи.