Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 20 жаштагы аял төрөгөндөн кийин каза болду. Бул тууралуу 23-июлда облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.Билдирүүдө айтылгандай, 22-июлда, саат 13:35те 2006-жылкы кош бойлуу келин каза болуп калганы тууралуу маалымат келип түшкөн.Баштапкы маалыматтарга ылайык, аял түн жарымда толгоосу кармап, райондук төрөтканага кайрылган. Түнкү саат 3:00дөрдө толгоосу күчөп, таңкы саат 7:00дөрдө уул төрөгөн. Аз убакыттан кийин аялдын абалы оорлоп кеткен. Дарыгерлер ага...