Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Германияда ара жолдо калганы айтылган кыргызстандыктар жөнүндө 23-июлдын кечинде билдирүү таратып, ал жактагы улан-кыздардын жагдайы жөнүндө соңку маалыматтарды берди.Мекемеден такташкандай, студенттер “Немис академиясы окуу борбору” жоопкерчилиги чектелген коому, бейрасмий аталышы Samara Academy (№001179 уруксаттын негизинде иш жүргүзөт) Ferienjob программасы аркылуу Германияга жиберген. Аларды Германияда Global Recruit Services GmbH...