Президент Садыр Жапаров санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангуловду кызматынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду.Маалыматта айтылгандай, ал иштен кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазган. Жамангулов бул кызматка былтыр январда келген болчу.Садыр Жапаров быйыл 30-апрелде Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигин толук жоюу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Мекеменин айрым функциялары тиешелүү министрликтерге өткөрүлүп, негизги бөлүгү...