Тергөө абагына камакка алынган экс-депутат Шаирбек Ташиев дале Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Муну Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматынын жетекчиси Султан Макилов “Азаттыкка” ырастады.Макилов иш боюнча тергөө амалдары дагы деле улантылып, Ташиев суракка алынып жатканын белгилеп, тергөө аяктагандан кийин ал тергөө абагына жеткирилерин билдирди.Мунун алдында Kaktus.media басылмасы өз булактарына таянуу менен сот Шаирбек Ташиевди тергөө абагына...