31-июлдан 3-августка чейин MBusiness жана MBANK системаларын техникалык жаңылоо өткөрүлөт. Бул чечим банктын өкүлдөрү тарабынан ички системаларды жакшыртуу жана жаңы техникалык платформага өтүү максатында айтылды.

Жаңылоо MBusiness, ошондой эле жарым-жартылай MBANK жана MIslamic системаларын камтыйт. Белгиленген мезгилде банктын бардык бөлүмдөрү жабык болот, бирок банкоматтар, төлөм карталары, ошондой эле QR-төлөмдөр жана MPay сыяктуу төлөм жана которуу кызматтары иштей берет.