Кыргызстанда авиабилеттерди брондоо жана сатуу менен алектенген компаниялар жана жеке ишкерлер үчүн милдеттүү каттоо жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду баштоо идеясы сунушталды. Өкмөттүн долбоордук токтому коомчулукка талкууга чыгарылды.

Пилоттук долбоор 11 айга пландалган, ал эми авиабилет саткандардын реестрин Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.