Үчүнчү класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу-методикалык комплекстин экинчи бөлүгү 178,5 миң нуска менен чыгарылды.
Билим берүү министрлиги билдиргендей, бул санынан 103 миң 754 китеп кыргыз тилинде билим берүүчү мектептерге, ал эми 74 миң 758 нуска орус тилдүү окуу жайларга арналган.
Окуу китептери «Учкун» басмаканасында басылып, жакынкы убакта мектептерге бөлүштүрүү башталат.
Бул окуу комплекстин биринчи бөлүгү мурда ошол эле көлөмдө чыгарылып, өлкөнүн окуу жайларына жеткирилген.