
Аудиттин маалыматтарына ылайык, салык төлөөчүлөрдүн декларациялары, отчеттору жана эсеп-фактуралары негизинде жүргүзүлгөн текшерүү бюджетке маанилүү салык суммаларынын түшпөөгө байланыштуу тобокелдиктерди аныктады. Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 3 миллиард 211,3 миллион сом кошумча эсептелди, учурда бул каражаттарды бюджетке кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.