
Ош шаарында жаңы жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүн куруу себептүү Ы. Монуев көчөсүнүн бөлүгүндө транспорттун кыймылы чектелди. Бул маалымат шаардык мэриядан алынды.
Курулуш иштеринин жүрүшү Ош шаарына кирген жердеги аркадан Ош облустук клиникалык ооруканасынын алдына чейин, Ы. Монуев жана Памир көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жолго чейин жүргүзүлүүдө.
Иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу жолдун бир тарабында унаалар үчүн жабык, ал эми өтүү каршы тарапта уюштурулган.
Мэрия айдоочулардан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылуусун, жол белгилеринин көрсөтмөлөрүн сактоосун жана мүмкүнчүлүк болсо альтернативдүү маршруттарды тандап алуусун өтүнөт.