Чүй облусундагы бир мектепте антитеррордук машыгуу өткөрүлдү
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин антитеррордук борбору Чүй облусунун УКМК башкармалыгы менен биргеликте Жайыл районунун Ново-Николаевка айылындагы Жайыл-Баатыр атындагы орто мектепте «Чүй-Взаимодействие–2026» антитеррордук машыгуу өткөрдү. Иш-чара террордук акттын коркунучунда укук коргоо органдарынын аракеттерин иштеп чыгуу максатында өткөрүлдү.

Машыгууну УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору А. Эрбаев жетектеди. Машыгуу сценарийи боюнча шарттуу террордук топ окуу жайынын имаратын басып алып, анын кызматкерлерин барымтага алды. Бул бийликтин ыкчам жооп кайтаруусун талап кылды.