Эксперттер жана журналисттер статистикалык маалыматтардын сапаты жана жеткиликтүүлүгүн талкуулашты

Улуттук статистика комитетинде Кыргызстандагы улуттук статистикалык системанын Глобалдык баалоосуна арналган жолугушуу өттү. Иш-чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясынын Статистика бөлүмүнүн эл аралык эксперттери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун максаты өлкөдөгү статистика боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо болду.

Эксперттер тобуна БУУнун ЕЭК, Азия жана Тынч океан үчүн БУУнун Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) адистери, ошондой эле Евростаттын жана Норвегия менен Швейцариянын Борбордук статистикалык бюролорунун өкүлдөрү кирди. Алар расмий статистиканын жеткиликтүүлүгүн жана колдонулушун, ошондой эле берилген маалыматтардын сапаты жана убагында берилүүсү боюнча колдонуучулардын канааттануу деңгээлин талкуулашты.