Инвестициялар сапатка: О! өлкө боюнча LTE-тармагын олуттуу күчөттү


Мобилдик оператор О! Кыргызстандагы санарип инфраструктураны өнүктүрүүгө активдүү инвестиция салып жатат, айрыкча Ысык-Көл облусунда, жайкы туристтик сезон учурунда тармакка жогорку жүктөм түшөт. 200дөн ашык айылдарды камтыган масштабдуу модернизациянын жардамы менен 2,5 миллионго жакын жашоочулар жана туристтер байланыштын сапаты жана интернеттин ылдамдыгынын жакшырганын сезишти.