Бийлик өкүлдөрүнүн “кара тизме” түзүү аракети демократиялык процесстерге сыйбаган, укук нормаларын бузган кооптуу көрүнүш. Мындай ою менен бөлүшкөн социолог Дмитрий Дубровский Орусияда анын арты “чет өлкөлүк агенттер”, "жагымсыз уюмдар" деген макамдын пайда болушуна, куугунтукка жол ачканын айтат.