
Кыргызстандык социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында 23-июлда Германияга Ferienjob программасы аркылуу жөнөтүлгөн Кыргызстандын жарандарынын жумушка орноштуруу маселеси талкууланды. Публикацияларда кээ бир жарандардын жумушсуз жана турак жайсыз калып, кыйын кырдаалга туш болгондугу тууралуу суроолор көтөрүлдү.
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги жаралган көйгөйлөргө жооп катары Кыргызстандын Германиядагы элчилиги чет өлкөдөгү жарандарынын жумушка орноштуруу борбору менен биргеликте текшерүү жүргүзгөнүн маалымдады. Текшерүү учурунда кыргызстандыктар, Samara Academyнын жетекчилиги жана жумуш берүүчү Global Recruit Services GmbHнын өкүлү Энди Вебер суралды.