Бишкекте Васильевский тракттын реконструкциясы уланууда. 24-июлдан баштап Комсомольское айылына бараткан бурулуштан Фучика көчөсүнө чейин алтынычы этаптын жумуштары башталат, бул тууралуу борбордун мэриясы билдирүүдө.

Учурдагы иштердин алкагында жолдун бир тарабын оңдоо жүргүзүлөт. Транспорттун кыймылы каршы тилкеде уюштурулат, бул эки тарапка да кыймылдын улануусуна мүмкүнчүлүк берет. Көчөнү толугу менен жабуу пландалган эмес.