
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдагы аудит боюнча Счеттук палатасынын айрым жыйынтыктарына макул эместигин билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, отчетто көрсөтүлгөн салык түшпөй калуу коркунучтары жана башка байкоолор салык контролунун жыйынтыктары менен дал келбейт жана финансылык мыйзам бузууларды далилдөөгө негиз боло албайт.