23-июлда Кыргызстандын өкмөтүнүн төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелерине арналган жыйын өткөрдү. Жыйында отун базарындагы учурдагы абал, мунай продуктуларын импорттоо, запастарды түзүү, бааларды жөнгө салуу жана бул тармакка мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө көңүл бурулду.
Жыйында мамлекеттик органдардын жана профилдик уюмдардын өкүлдөрү базардагы абал жана мурда коюлган тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат алышты.