Wildberries сатуучуларга Электростальдагы складга украиндык дрондордун соккусу себептүү жоготууга учурагандарына төлөмдөрдү жүргүзө баштады. Бул тууралуу компаниянын башчысы Татьяна Ким билдирген, деп жазат Meduza.

Мындан тышкары, компания өнөктөштөрүнө товарларды сактоо үчүн арзандатуулар, кредиттерди төлөөнү кечиктирүү жана жабыркаган сатуучулар үчүн логистика боюнча төмөн тарифтерди сунуштады.