
2026-жылдын 22 жана 23-июлунда Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанга расмий визит менен келет. Өзүнүн кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Негизги көңүл кыргыз-белорусь кызматташтыгынын маселелерине, ошондой эле биргелешкен иштин келечектеги багыттарын талкуулоого бурулат. Жолугушуунун алкагында тараптар эл аралык күн тартибиндеги маанилүү темаларды козгоп өтүүнү пландаштырууда.