Садыр Жапаров Беларусьтин тышкы иштер министри менен жолукту
23-июлда Чолпон-Атада Кыргызстан Республикасынын президенти Садыр Жапаров Беларусьтин тышкы иштер министри Максим Рыженков менен жолукту. Негизги көңүл эки тараптуу кызматташтык, соода-экономикалык байланыштар жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине бурулду.

Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-белорус мамилелеринин актуалдуу аспекттери боюнча пикир алмашышып, негизги тармактарда кызматташтыкты тереңдетүүнүн жолдорун талкуулашты.