23-июлда Ошто «Бродяга» аттуу профилактикалык рейд башталды, анын максаты туруктуу жашоо жайы жок адамдарга жардам берүү, алардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Рейд учурунда көзөмөлсүз жарандарды жана туруктуу жашоо жайы жок адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү, ошондой эле аларды медициналык, социалдык жана башка жардам түрлөрү аркылуу колдоо көрсөтүлдү. Жардамга муктаж болгондорго муниципалдык түнкү пансионатта убактылуу жайгашуу мүмкүнчүлүгү берилди.