23-июлда кыргыз социалдык тармактарында жана маалымат каражаттарында Германияга Ferienjob программасы аркылуу Samara Academy аркылуу жөнөтүлгөн жарандардын жумушка орношуу маселеси активдүү талкууланууда. Кээ бир кыргызстандыктар жумушсуз жана турак жайсыз калып, кыйын кырдаалга туш болгондугу тууралуу маалыматтар пайда болду. Бул боюнча Эмгек министрлиги аталган маалыматты текшерүүгө киришкенин ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилиги жана Эмгек министрлигинин чет өлкөдөгү жарандарды жумушка орноштуруу борбору менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Бул иштин алкагында жабыркагандар, Samara Academy жетекчилиги жана жумуш берүүчү Global Recruit Services GmbH компаниясынын өкүлү Энди Вебер менен байланыштар орнотулду.