Бишкекте Индиянын баалуу таштар жана ювелирдик буюмдар экспортун колдоо боюнча кеңеши тарабынан Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте уюштурулган симпозиум өттү. Иш-чарага Экономика жана соода министрлигинин, салык кызматынын, ювелирдик союздун, тармактык компаниялардын, Кыргызстандагы Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү, ошондой эле 12 индиялык ювелирдик фирмадан турган делегация жана республикадагы Индиянын элчиси катышты.
Жыйын учурунда ювелирдик тармакта эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Катышуучулар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган пикир жана сунуштар менен алмашышты.