23-июлда Кыргызстандын билим берүү министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана министрдин орун басары Виктория Мозгачева Кореянын IT-компаниясы «Lambino»нын генеральдык директору Ли Су Ёнг менен жолугушту. Жолугушуунун негизги себептери билим берүү тармагындагы реформаларды, анын ичинде Билим берүү министрлигинин Бирдиктүү санариптик билим берүү экосистемасын киргизүүнү талкуулоо болду.
Жолугушуу учурунда Мухтарбек Баймурзаев билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган учурдагы демилгелер жөнүндө кенен айтып берди, өлкөдө заманбап тестирлөө борборлору активдүү түзүлүп жатканын белгиледи. Бул борборлор окуучулардын, мугалимдердин, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жана тармактагы башка кызматкерлердин билим деңгээлин баалоо үчүн кызмат кылат.
Ли Су Ёнг өзүнүн компаниясынын ишмердүүлүгү жана Кыргызстандын мамлекеттик структуралары менен болгон тажрыйбасы тууралуу маалымат берди. Генералдык директор биргелешкен долбоорлорго, анын ичинде санариптик трансформация стратегиясын иштеп чыгууга, мугалимдерди окутууга жана IT тематикасы боюнча онлайн-лекцияларды түзүүгө кызыгуусун билдирди.