Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Американын сунушуна каршы чыкты. Кеп АКШ тарабынан тоңдурулган Ирандын акчасын Ормуз кысыгындагы блокададан зыян тарткандарга берип салуу демилгеси жөнүндө болуп жатат. Аракчи муну өтө коркунучтуу көрүнүш деп эсептейт.