Баткен облусунда 23-июлда саат 18:30да катуу жамгырдан улам сел жүрдү. Бул табигый кырсык Баткен шаарын жана Баткен менен Кадамжай райондорун камтыды. Бул тууралуу маалымат региондогу ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалымат кызматы тарабынан берилди.
Сел жүргөн жерлерде автомобиль жолдоруна, турак жайларга, короолорго жана административдик имараттарга зыян келтирилди. Кээ бир жолдордо транспорттун кыймылы токтотулду, ал эми айрым райондордо электр энергиясы өчүрүлдү.