
Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында ОТГга мүчө мамлекеттер ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча актуалдуу маселелер жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр талкууланды.
Тараптар түрк элдеринин жалпы маданий жана тарыхый мурасын сактоо жана жайылтууга багытталган биргелешкен демилгелерге өзгөчө көңүл бөлүштү.