Кыргызстандын Билим берүү министрлигинде билим берүү тармагын санариптештирүүгө арналган жыйын өттү. Министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана министрдин орун басары Виктория Мозгачева кореялык IT-компаниясы Lambinoнун башкы директору Ли Су Ёнг менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Талкуунун негизги темасы билим берүү процессине санариптик технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү перспективалары болду.
Мухтарбек Баймурзаев билим берүү системасындагы учурдагы реформалар жөнүндө, анын ичинде Бирдиктүү санариптик билим берүү экосистемасын түзүү жөнүндө айтып берди. Ал өлкөнүн аймактарында окуучулардын жана мугалимдердин, ошондой эле билим берүү мекемелеринин башка кызматкерлеринин билимдерин баалоо үчүн арналган заманбап тестирлөө борборлорун түзүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.