Таласта мамлекеттик ипотекалык программа боюнча 319 батирден турган көп кабаттуу турак жай комплекси курулуп бүттү. Бул үйлөр «Тынчтык» микрорайонунда жайгашып, Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулган. Батирлер Талас облусунун тургундарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шарттарда, 4% жана 8% жылдык пайыздык ставкасымен берилет.

Жаңы ээлерине ачкычтарды тапшыруу боюнча расмий азем бүгүн, 24-июлга пландалган.