Ош шаарында балдары менен аялын сабоого шектелген ата милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.23-июлда социалдык тармактарда Адилет Мекан (mekanov_adilet) аттуу колдонуучу Instagram баракчасына Ош шаарына караштуу Жапалак айыл аймагынын Орке айылыда катталды делген үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу видео жарыялаган. Тасмада ата-энеси балдарын урушуп, уруп саба жатканы тартылган. Аял өзүн тасмага тартып күйөөсүнөн ур-токмок жегенден кийинки көгөргөн...