Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы көп жылдык жемиштүү кызматташтыкты жогору баалайт, ошондой эле уюмга азыркы төрагалыкты анын мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары чыңдоого багытталган жоопкерчиликтүү жана ардактуу миссия катары карайт. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынын ачып жатып билдирди.