Абакта ырайымсыз мамилеге кабылганын айткандар арасында саясатчылар Алга Кылычов, Темирлан Султанбаев, акын Аскат Жетиген бар. Кылычов ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирилгенине даттанды. Жетиген камактагыларга адамгерчиликсиз жана кемсинткен мамиле жасаларын жазды.