Ош шаарында он жаңы мектептин курулушунун абалы текшерилди. Бул иш-чараны курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги уюштурган.
Министрликтин маалыматына ылайык, турак-жай-граждандык курулуш департаментинин орун басары Мирлан Бузурманкулов жана «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын орун басары Таалайбек Алымкулов курулуш объектилерин текшерип, иштердин жүрүшүн жана графикке ылайык келүүсүн баалашты.

Инспекциянын жүрүшүндө курулуш иштеринин сапаты жана ылдамдыгы текшерилди. Учурда бардык объектилерде активдүү иштер жүрүп жатат жана алардын аткарылышы жалпы көлөмдүн 35–45% аралыгында бааланууда.