Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери, 29-июнда Бишкекте жумуш ордунда эсинен танып калган соң каза болгон, мурда Ысык-Көл облусунда сабалган. Кол салууга шектелип беш адам кармалды.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 29-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимациясында 23 жаштагы Ж.Т. каза болду. Ал СГОдо күзөтчү болуп иштеген. Ошол күнү эртең менен кызматтык жыйын учурунда ал күтүүсүздөн эсинен танып, кулап кеткен. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, аны сактап калуу мүмкүн болгон жок.