Бишкекте 17-июлдан 19-июлга чейин метеобайкоолор жүргүзүлгөн бардык мезгилдеги эң жогорку температура катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын директору Даурбек Сакыев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.