Бишкек мэриясы 30 жылдан ашык мезгилден бери иштеп келген "Мадина" базары 1-августтан тарта жабыла турганын билдирди. Базардагы айрым соодагерлер аларга сунушталган жаңы соода жайындагы шарттарга жана ижара наркына нааразылык билдирип, шаар бийлигинен маселени кайра карап чыгууну суранышууда. Соодагерлерге "Мадинанын" жанында курулган жаңы соода жайдары сунушталууда.