
АКШ кибер кылмыштуулук жана интернет алаяктар менен күрөшүүгө багытталган жаңы глобалдык виза саясатын киргизгенин жарыялады. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирүү жасады. Бул чаралар кибер чабуулдарга, интернет алаяктарга, сексуалдык шантажга жана өлкө жарандарына зыян келтирген башка схемаларга тартылган адамдарга тиешелүү.
Чектөөлөрдү киргизүү АКШнын иммиграция жана жарандык мыйзамынын 212(a)(3)(C) бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт. Кээ бир учурларда виза чаралары мындай мыйзамсыз иш-аракеттерге катышкан адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүн да камтышы мүмкүн. Бул аракеттер кибер кылмыштардан пайда көргөндөр үчүн өлкөгө кирүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган.