Нарын облусундагы Ички иштер башкармалыгы балык ресурстарын коргоо боюнча рейд өткөрдү. Анын натыйжасында 300 метрден ашык узундуктагы синтетикалык балык кармоо торлору табылып, Сун-Көл көлүнөн алынды. Бул тууралуу жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган кармоо шаймандары боюнча мыйзамга ылайык зарыл чаралар көрүлүп, алардын кийинки жок кылынуусу камсыздалды.