Кыргызстандын маданияты Францияда өткөн эл аралык театр фестивалында көрсөтүлдү




Авиньон шаарында, 2026-жылдагы эл аралык Avignon Off театр фестивалынын алкагында, Кыргызстандын маданиятына арналган тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Тегерек столго театр таануучулар, маданият адистери, фестивалдын уюштуруучулары жана эл аралык эксперттер катышты. Кыргыз театрынын искусствосунун тарыхы, азыркы абалы жана келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелер талкууланды.