Жеке ишкерлердин мамлекеттик каттоосунан күбөлүктөр электрондук форматта жеткиликтүү болду

Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлердин мамлекеттик каттоосунан күбөлүктөрдү толук санариптештирүүнү ишке ашырды. Эми ишкерлер салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде мурда берилген кагаз күбөлүктөрдүн электрондук версияларын өз алдынча жүктөп ала алышат. Бул жаңылык күбөлүк жоголгон учурда жоголгондугу тууралуу билдирүү берүү зарылдыгын жоюйт.

Электрондук күбөлүктү алуу үчүн салык төлөөчү cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетине кирип, «Жеке ишкердин мамлекеттик каттоосунан күбөлүктөр» бөлүмүн тандап, керектүү документти жүктөп алууга тийиш. Эгер зарыл болсо, аны кошумча процедураларсыз же жоголгондугу тууралуу билдирүү бербестен каалаган убакта басып чыгарса болот.