Кыргызстандын Ички иштер министрлиги участкалык милиция кызматкерлерине 102 жаңы кызматтык унаа тапшырды. Тантана иш-чарасы Ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басарлары жана ведомствонун бөлүм башчыларынын катышуусунда өттү.
ИИМ билдиргендей, жаңы унаалар президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен сатып алынган. Транспорт участкалык милиция кызматкерлеринин мобилдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонулат, бул жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө жана профилактикалык иштерди күчөтүүгө мүмкүндүк берет.





Ведомстводо билдиришкендей, автопарктын жаңыланышы кызматкерлердин чакырууларга келүү убактысын кыскартууга, калкка жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана административдик участктардагы иштин натыйжалуулугун арттырууга мүмкүндүк берет.
Унааларды тапшыруу кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына бир күн калганда болду.