МП "Бишкекзеленстрой" Аалы Токомбаев проспектин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө, Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки участокту камтыйт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Бөлүү тилкесинде даярдык иштер аяктаган: жердин деңгээлин төмөндөтүү жана өсүмдүктөргө кам көрүүнү камсыз кылуучу заманбап сугат системасы орнотулган.