Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кыска мөөнөттө мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен айрым айылдардагы айыл чарба жерлерине зыян келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы кабарлады.Баштапкы маалыматтарга ылайык, Ала-Бука айыл аймагына караштуу Соломо, Хажар, Кош-Алмурут, Баймак, Ызар айылдарында жана Т.Балтагулов айыл аймагындагы Падек, Ак-Коргон айылдарында эгин талааларына, тоют аянттарына жана бакча өсүмдүктөрүнө зыян...